Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 31.10.2018 09:57

Баткендеги китепканада «Чыңгыз жана Толгонай диалогу» аттуу иш-чара өттү

Turmush -  Кечээ, 30-октябрда Баткен облустук китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Чыңгыз жана Толгонай диалогу» аттуу иш-чара өттү.

Китепкананын жетекчиси Топчугүл Пирматованын айтымында, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан чагылдырылган сценкалар, чакан концерттик программа көрсөтүлүп, «Кыл калем» ийриминин сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Мындай иш-чаралар облус аймагындагы бардык китепканаларда өтө турганы белгилүү болду.

Баткен облусунда жалпы 79 китепкана бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×