Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 30.10.2018 12:48

Баткендеги милиционерлер окуучуларга кылмыштуулуктан оолак болууну эскертти

Turmush -  Баткен РИИБдин кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Милициянын маалыматына караганда, жолугушуунун максаты — мектеп окуучуларынын арасындагы ынтымакты бекемдеп, зомбулуктарга, топтошуп алып мушташууларга бөгөт коюу жана кылмыштын алдын алуу. Мектептерге барган милиционерлерге окуучулар тарабынан ар түрдүү суроолор берилип, жоопторду алышты.

Жыл башынан бери Баткен районунун аймагында өспүрүмдөр тарабынан 4 кылмыш жасалган. Кылмыштардын үчөө уурулук боюнча болсо, бирөө денеге атайын залал келтирүү боюнча катталган. Жалпысынан район аймагында 54 билим берүү мекемеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×