Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 29.10.2018 11:47

Баткенде Ч.Айтматовдун жумалыгы башталды (фото)

Turmush -  Баткен шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жумалык башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарада жазуучунун чыгармалары, алардын негизинде тартылган сүрөттөр көргөзмөгө коюлуп, пианинодо композициялар жаңырды. Ошондой эле анын чыгармалары сахналаштырылды. Саамалыкка облустун ар бий аймагынан келген мекеме-ишканалардын кызматкерлери, окуучулар, студенттер катышты.

Буга чейин облус аймагында Айтматовдун жылдыгына арналган ар кандай иш-чаралар, сынактар уюштурулган. Бүгүн ал сынактардын жыйынтыктоо күнү болуп, жеңүүчүлөргө диплом, белектер тапшырылат. Бул жумалыктын алкагында 29-октябрдан 2-ноябрга чейин күн сайын сүрөт, китеп көргөзмөлөрү өтөт. Ошондой эле Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт.

Жумалыктын алкагында Ч.Айтматов 1982-жылы Баткенге келген учурда баласы Аскар Айтматов экөө тиккен дарактарга атайын белги коюлду. Учурда Айтматов тиккен чынар терек сакталуу, бирок анын уулу тиккен терек экологиялык тазалоодон улам кесилип, кийин кайрадан өсүп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×