Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 29.10.2018 11:18 На русском

Кадамжайда байпагына баңгизат бекитип жүргөн адам кармалды (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну баңгизат сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, анын 46 жаштагы айдоочусун текшеришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында байпагынын ичинен 4 бурчтук формадагы, өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат табылган. Табылган зат 12 грамм салмакташы гашиш экендиги такталды.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иш козголду. Иштин материалдары Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×