Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 27.10.2018 11:41

Өзбекстандык жигит тууганынын паспорту менен Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган

Turmush -  Кечээ, 26-октябрда «Кадамжай — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек арадан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет жасаган өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын 1991-жылы туулган жараны С.Т. көзөмөл учурунда чек арачыларга 1997-жылы туулган Д.Т.га таандык паспорт көрсөткөн. Ал сурак учурунда өзү тууралуу жеке маалыматтарды адаштырып айтып, жыйынтыгында тууганынын паспортун колдонгонун моюнуна алган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×