Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 26.10.2018 17:03

Артымдан келип, капыстан кол салды: Кадамжайда карышкыр кол салган А.Жороев окуянын чоо-жайын айтып берди

Turmush -  23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүндө айылга кирип келип адамдарды талаган карышкырлардан жаракат Алтынбек Жороев окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, ага карышкыр эртең мененки саат 08:15 чамасында кол салган.

«Ошол учурда мен уйларды сыртка алып чыгып, кол жууп жаткам. Ал учурда артымдан келген карышкыр капыстан кол салды. Карышкыр бир заматта башымды жана бетимди тиштеп, коңшу үйгө кирип кетти. Андан ары коңшумдун итин талап, башка үйлөргө кирип кетти. Ал учурда мен шок абалга түшүп калдым. Бир аздан кийин Үч-Коргон айыл аймагындагы ооруканага кайрылдым. Бул жакка келсем артымдан ошол эле карышкырдан таланган башка дагы 4 адам келди. Алар да карышкырдан ар кандай жаракат алышкан.

Азыр абалыбыз туруктуу. Бирок арабызда 1 аял жана 2 эркек катуу коркуп калышкан. Алар көбүрөөк жарат алган. Бирөөсүнүн колу чайналса, экинчисинин 2 колун тиштеп, көкүрөктөрүн талаган. Аял кишинин мойнун тиштеп, дагы бирөөсүнүн башын тиштеген. Алар да өз үйлөрүндө жумуш кылып жүргөндө капыстан кол салыптыр. Мындай окуя буга чейин Майдан айылында болгон эмес», - деди Жороев.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылына кирип барып, 4 адамды талаган 2 карышкырдын бирөөсүн эл таяк менен уруп өлтүргөндүгү белгилүү болгон.

Маалым болгондой, 23-октябрь күнү таңкы саат 07:00 чамасында Кара-Жыгач айылына 2 карышкыр кирип келген. Алар алдынан чыккан адамдарга, иттерге, жаныбарларга кол салган. Карышкырлардын кол салуусунан 4 адам ар кандай оор жаракаттарды алган. Андан улам эл ызы-чуу болуп топтолуп, карышкырдын бирөөсүн короого камап, таяк менен уруп өлтүрүшкөн. Ал эми экинчи карышкыр айылдан качып кеткен. Жаракат алган 4 адам Кызыл-Кыя ооруканасына жеткирилген. Кутурма оорусуна карата анализдер алынып, текшерүү иштери жүрүп жаткан.

Бул боюнча биоресурстарды сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын департаментинин Кадамжай районундагы өкүлчүлүгүнөн мергенчилерге атайын тапшырма берилген. Айыл өкмөт тарабынан кол салган карышкырлардан жаракат алган иттерди атып жок кылуу жана качып кеткен карышкырларды атып өлтүрүү боюнча токтом чыгарылган. Андан соң кутурма оорусун алдын алуу үчүн иттерди атуу иштери жүргүзүлгөн.

Андан кийин:

Кадамжай райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору адамдарга, иттерге жана малга кол салган карышкырлар кутурмага чалдыккандыгын билдирген.

Окуя 23-октябрь күнү саат 07:00 чамасында болгон. Майдан айыл аймагынын Майдан айылынын 5 жашоочусун карышкыр тиштеп алган.

«Карышкыр 46 жаштагы А.А.нын колун, 42 жаштагы А.Ж.нын башын жана бетин, 41 жаштагы М.И.нин колун жана бетин, 51 жаштагы К.А.нын бетин, 29 жаштагы Р.К.нын кулагын тиштеп, качып кеткен. Мындан тышкары карышкыр 3 итти да тиштеген. Ал карышкырды Кереге-Таш айылынын тургуну уруп өлтүрүп, башын кесип, кутурма оорусун аныктоо үчүн Ош ветеринардык лабораториясына жөнөтүшкөн. Ал жерден карышкырдан кутурма оорусу аныкталган», - деп айтылган маалыматта.

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Майдан айылында карышкырдын кутурма ылаңы боюнча чектөө коюу жөнүндө райондук администрациянын буйругу чыкты. Ал эми карышкырдан жабыркаган 5 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, хирургия бөлүмүнө жаткырылып, кутурмага каршы дарыланып жатышат.

Ошондой эле Майдан айылынын Чакмак участкасынын тургуну Б.К.га таандык койду карышкыр тиштеп кеткен. Ал койду 1984-жылы туулган Б.К. менен 1991-жылы туулган Р.Ж. союп, этин үй-бүлөсү менен жешкен. Алар кутурмага каршы эмдөө алып жатышат.

Майдан айыл аймагынын башчысына жана Үч-Коргон жалпы дарыгерлер борборунун директоруна кутурма оорусун алдын алуу иш-чараларын күчөтүү боюнча санитардык көрсөтмө даярдалып берилди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери тарабынан Майдан айылында ар бир үй-бүлөгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Майдан айылындагы Исфайрам орто мектебинде окуучуларга лекция окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×