Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 26.10.2018 16:26 На русском

Баткен шаарында Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскеришти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрь күнү Баткен шаарында Баткен окуясында курман болгон жоокерлер эскерилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Эскерүү иш-чарасына Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Рыскулова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Баткен согушунун Республикалык кеңешинин Баткендеги өкүлү Жайлообай Эшанкулов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Баткен, Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилип, аларга арналган эстеликке гүл чамбар коюлуп, куран окулду. Баткен коогалаңында курман болгон Казыбек Шадыбековдун эжеси да катышып, сөз сүйлөдү.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Баткен окуясынын катышуучусуна ардагер наамы берилип, «Баткен согушунун каарманы» төш белгиси тапшырылды. Ардагерлерге атайын сый тамак да уюштурулган.

Баткен окуясы 1999-жылы болгон. Ага республика боюнча 15 000 жаран катышкан. Алардын ичинен 69 адам окуя учурунда каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×