Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 25.10.2018 12:03 На русском

Кызыл-Кыяда кайын ата, кайын энесин оор жарадар кылып, жашарынып жүргөн күйөө бала кармалды

Turmush -  23-октябрда Кызыл-Кыя шаарында кайын атасы менен кайын энесин балта менен чаап, оор жарадар кылып качып кеткен күйөө бала кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Кызыл-Кыя шаарынын аймагында мечиттердин биринде жашынып жаткан жеринен кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 23-октябрга караган түнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген айылында улгайган жубайларды күйөө баласы балта менен чаап, экөө тең оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Маалыматка караганда, жубайларды 33 жаштагы кичүү күйөө баласы чапкан. Ал кайын ата, кайын энесинин үйүндө жашачу. Күйөө бала 3 күн катары менен арак ичип, үйдө кайын ата, кайын энеси менен пикир келишпестик чыккан. Чыр чыккан учурда аларды балтанын арты менен чаап жиберген. Бул окуядан кийин үйдөн чыгып кеткен.

Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын маалыматына караганда, ооруканага 1949-жылы туулган К.А. (күйөөсү) менен 1956 жылы туулган А.Т. (аялы) түшкөн. Күйөөсүнүн 2 колунун сөөктөрү жабык түрдө сынып, баш мээси чайкалган. Учурда сыныктар бөлүмүндө жаткан. Аялынын баш сөөгү сынган. Абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда жубайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышкан.

Ал эми Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, күйөө бала мындай кадамга кайын журту үйүнөн кубалап чыккандан кийин барган.

«23-октябрда саат 04:45 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан Жинжиген айылындагы 69 жаштагы күйөөсү менен 62 жаштагы аялы денесинен жаракат алып жеткирилгени жөнүндө кабар келген. Алынган маалымат ошол замат Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышты ноокаттык күйөө бала жасагандыгы такталган. Ал кайын атасынын үйүнө кирип, уктап жатышкан кайын атасы менен кайын энесин колдоруна жана баштарына өзү менен кошо алып келген балтанын арты менен чаап, оор залал келтирген. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

Жогорудагы жагдай боюнча сурамжылоо учурунда 26 жаштагы шектүү жабырлануучулардын кызына үйлөнгөндөн кийин кайын атасынын үйүндө жашап жүргөнү такталган. Ал спирт ичимдигин көп ичкендиктен окуядан 5-6 күн мурун кайын атасы үйүнөн кууп чыккан. Ал үчүн өч алуу максатында жогорудагы кылмышка баргандыгы аныкталган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, аны издөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×