Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.10.2018 10:48 На русском

Кадамжайдагы мелдеш учурунда өспүрүмдөр мушташып, 2 окуучу жаракат алды

Turmush -  Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы А.Шамырзаев атындагы орто мектептин окуучулары сабалып, 2 бала жаракат алды. Бул маалыматты Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн да тастыкташты.

Маалым болгондой, 3-4 күн мурун А.Шамырзаев атындагы орто мектебинде волейбол боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Анда былтыр мектепти аяктагандар менен 11-класстын окуучулары топ ойноп, ортодо чыр чыгып кеткен. Андан 11-класстын 2 окуучусу жабыркаган. Учурда балдардын абалы туруктуу. Бул чырга катышкандардын көпчүлүгүнүн ата-энелери Россияда эмгектенет. Учурда бул боюнча Кадамжай РИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми аталган мектепте бүгүн, 25-октябрда ата-энелердин катышуусунда жыйын өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×