Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 25.10.2018 09:35

Кадамжайда «Матиз» жүк ташуучу унаанын алдына кирип кетип, аял жүргүнчү каза болду

Turmush -  Кадамжай районундагы жол кырсыктан 60 жаштагы аял киши көз жумду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Кадамжай райондук бөлүмү тастыктаган маалымат боюнча, окуя 22-октябрда Ош—Исфана автоунаа жолунун 121-чакырмында болгон.

«ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү автоунаа Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылына жеткенде «КамАЗ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын алдына кирип кеткен. Анын кесепетинен «ДЭУ Матиздин» жүргүнчүсү — 1958-жылы туулган аял киши оор жаракат алып, көп узабай каза болду.

Бул кырсык боюнча Кадамжай РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×