Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 24.10.2018 15:30 На русском

И.Илмияновдун айылдаштары аны үй камагына чыгарууну суранып, президентке кайрылуу жасашты (видео)

Turmush -  Кечээ, 23-октябрда Лейлек районунун 3 айылынын айрым тургундары Икрамжан Илмияновду үй камагына чыгарууну суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн Катраң, Баул жана Өзгөрүш айылынын тургундары президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевге, УКМКнын жетекчилигине Икрамжан Илмияновду үй камагына чыгарып берүү жөнүндө кайрылуу жасашты.

«Биздин уулубуз Икрамжан Илмиянов УКМКнын кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 19-октябрь күнү камакка алынгандыгына байланыштуу Катраң айыл аймагынын Катраң, Баул жана Өзгөрүш айылынын тургундары кооптонуу менен тынчтык митингин уюштуруп, сиздерге кайрылууну туура таптык. Биз президенттин, өкмөттүн коррупцияга каршы саясатын толук колдойбуз. Кийинки мезгилде Кыргыз Республикасында бардык аткарылып жаткан иштер акыйкаттык менен чечилип жаткандыгына ишенебиз. Биздин сиздерден өтүнүчүбүз, Икрамжан Илмияновдун ишин акыйкат чечип, баш коргоо чарасын үй камагына чыгарып берүүңүздөрдү өтүнөбүз», - деп айтылат кайрылууда.

Икрамжан Илмиянов Лейлек районунун Катраң айылында төрөлгөн.

УКМК 19-октябрда ага издөө жарыяланганын кабарлаган. Андан кийин Москвадан кармалып, 20-октябрда Бишкекке алынып келинген. Сот аны 28-ноябрга чейин УКМКнын абагында калтыруу чечимин чыгарган.

И.Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарёв ага КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (алдамчылык) боюнча айып тагылгандыгын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×