Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.10.2018 13:46

Кызыл-Кыяда архив кызматынын жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы архив кызматынын жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 12 млн 593 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 410 миң сом, демөөчүлөрдөн 200 миң сом бөлүнгөн. Учурда архив кызматкерлери жаңы имаратка көчүп келип жатышат.

Иш-чарага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, облус башчысы Абиш Халмурзаев, Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, Кызыл-Кыянын мэри Эрмекбай Топчубаев жана башка чиновниктер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×