Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.10.2018 11:07 Жаңыланды: 24.10.2018 13:01

Таң эрте Кызыл-Кыяда кичи автобус жүк ташыган унааны сүзүп, бир адам жабыркады (фото)

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрь күнү саат 05:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү жол-транспорт кырсыгынан 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Таң эрте «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, жол боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Куткаруучулар кырсыктын кесепетинен жабыркаган эркек адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×