Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 24.10.2018 10:36 Жаңыланды: 24.10.2018 16:10

«Мончок чиновниктер», түркүн тамак-аш, жаңы мекемелер: Кызыл-Кыянын 120 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди (видео)

Turmush -  Бүгүн, 24-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, саамалык алгач мекеме-ишканалар тарабынан уюштурулган жармаңкеден башталды. Анда айыл чарба продукциялары, улуттук кийимдер, буюмдар, тамак-аштар жана мекеме-ишканалардын жетишкендиктери чагылдырылды. Ошондой эле шаардагы А.Осмонов атындагы толук эмес орто мектебинин мугалимдер жамааты мончок менен Кызыл-Кыянын мэри Эрмекбай Топчубаевдин облус башчысы Абиш Халмурзаевдин сүрөтүн такта бетине тартып келишкени белгилүү болду.

Аталган мектептин мугалими Гүлбурак Мартованын айтымында, бул сүрөттөрдү тартууга 1 жума убакыт жана 2 кг жакын мончок кеткен. Сүрөттө шаар мэри Эрмекбай Топчубаевге жашыл түстөгү, облус башчысы Абиш Халмурзаевге көк түстөгү костюм кийгизилген.

Майрамга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев, Ош шаарынын губернатору Узарбек Жылкыбаев баш болгон жергиликтүү чиновниктер жана коңшу Өзбекстандан келген коноктор катышууда.

Кызыл-Кыя шаары Баткен облусунун чыгыш бөлүгүндө, Баткен шаарынан 150 км, Ош шаарынан 90 км алыстыкта жайгашкан. Калкынын саны 52572 адам.

Андан кийин маданият үйүндө Кызыл-Кыя шаарынын жетишкендиктери тууралуу маалымат берилип, окуучулар чакан концерт тартуулады. Шаардын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар адамдарга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ардак грамоталарды тапшырды. Өзбекстандан келген коноктор да өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтып, белектерин тапшырды. Шаар мэри Эрмекбай Топчубаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго, облус жетекчиси Абиш Халмурзаевге, парламенттин депутаттары Карамат Орозовага, Сайдолимжон Жураевге «Ардактуу инсан» наамын тапшырды.

Майрамдын саамалыктын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы архив кызматынын жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 12, млн 593 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 410 миң сом, демөөчүлөрдөн 200 миң сом бөлүнгөн. Учурда архив кызматкерлери жаңы имаратка көчүп келип жатышат.

Иш-чарага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, облус башчысы Абиш Халмурзаев, Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, Кызыл-Кыянын шаар мэри Эрмекбай Топчубаев жана башка чиновниктер катышты.

Бүгүнкү мааракенин алкагында 130 орунга ылайыктагкан «Ак куу» балдар бакчасы ачылды.

Бала бакча жетекчиси Дамира Мотосмонованын айиымында, бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом, атайын гранттан 6 млн сом каралган. Бул бала бакча шаардагы 14-бала бакча болуп эсептелинет. Учурда балдарды кабыл алуу жүрүп жатат.

«Буга чейин бул имарат аскер кызматынын имараты болуп келген. «Ак куу» бала бакчасынын ачылышы менен шаардагы балдар үчүн бала бакча муктаждыгы жоюлду. Бул жерде балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап типте курулган», - деди шаар мэри Эрмек Топчубаев.

Шаардын 120 жылдык мааракесинин салтанаттуу бөлүгү Т.Кулатов атындагы борбордук стадиондо улантылды. Анда Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерт тартууланды. Алгач Ош шаарындагы кыргыз драма театрынын артисттери тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын аталышы жана түптөлүшүн чагылдырылган сценка коюлду. Борбордук стадионго эл жык толуп, келгендерге «Кыз-Бурак» тобу, Таалай Турдубаев, Самара Каримова, Гүлмира Жоодошева Сапар Сопубеков сыяктуу ырчылар өнөр тартуулашты. Коноктор үчүн жалпы 16 боз үй тигилип, сый тамактар берилди. Концерттин соңунда куттуктоо сөздөр айтылып, маараке жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×