Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 24.10.2018 09:13

Баткенде пенсия курагындагы аскер кызматкерлери компьютерде иштөөнү үйрөнүп жатышат (видео)

Turmush -  Баткен шаарында 17 аскер кызматкери акысыз 3 айлык компьютердик курста окушат. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинде өткөн жыйында маалым болду.

Маалыматка караганда, окутуу пенсияга чыккан аскер кызматкерлерин андан ары коомчулукка аралаштыруу, жумуш менен камсыздоо максатында «Тилмеч» уюму жана НАТОнун долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

№30630 аскер бөлүктүн күжүрмөн унаа командири Равшанбек Аматакунов 16 жылдан бери ушул тармакта эмгектенет. 8 айдан кийин кызматынан бошотулат. Ал бул окууга келип, билим алууда.

Аскер кызматкерлердин бири Жусуп Кимсанов 2017-жылы май айында пенсияга чыккан.

«Биз аскер кызматкерлери бир жерге жумуш издеп бара албайт экенбиз. Чакыруу менен иштеп көнүп калыптырбыз. Бир аз эс алып, анан жумуш издеп көрөм. Антпесе пенсия менен гана жашоо кыйын экен», - деди ал.

Буга чейин Кыргызстандын аймагынан 470 аскер кызматкери бул курсту аяктаган. Тандалгандар 3 ай бою жумасына 5 жолу сабакка катышат. Бул жерден алар Microsoft Word, Excel, Power Point, Photoshop Corel Draw, web-design программаларын үйрөнүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×