Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 23.10.2018 17:10 На русском

Видео — Кадамжайлыктар Шамбесай алтын кенине келген комиссияны кенге киргизбегенге аракет кылып, милиция тартипти күч менен көзөмөлгө алды

Turmush -  Бүгүн, 23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбесай алтын кенин изилдөө үчүн түзүлүп, атайын келген мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрүн эл жакшы кабыл алган жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка караганда, комиссиянын өкүлдөрүн алтын кенге киргизбөө үчүн айылдын бир топ тургундары аларды тосуп чыгышты. Бирок милиция кызматкерлери элди күч менен кармап туруп, комиссиянын өкүлдөрү текшерүү үчүн топурактан жана суудан алып кетишти.

Ал эми Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков окуяда эч ким жабыр тартпагандыгын билдирди.

«Бүгүн Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбесай алтын кенин изилдөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү келген. Алар жөн гана ошол жерди изилдөө үчүн суу жана топурагынан бир аздан алыш үчүн келишкен. Бирок аны эл туура эмес түшүнүп, «мурда эле текшергенсиңер» деп ар кандай тоскоолдуктарды жаратты. Абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.

Комиссиядан келген өкүлдөр ал жерден суу жана топурактан алып кетишти. Бирок эл кен жайгашкан жердин төрүнөн топурак жана суу алдырышкан жок. Бул окуядан эч ким жабырган жок, баары жайында», - деди аким.

Жергиликтүүлөр тарабынан тартылган тасма

Аталган окуялардан кийин Майдан айыл аймагында Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык эксперти, Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары, Кадамжай районун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, 60ка жакын жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Облус жетекчилигинин маалыматына караганда, иликтөөчүлөр алтын кен чыккан жердин кыртышына изилдөө жүргүзүү үчүн барышкан. Жолугушууда жергиликтүү тургундардын арасынан кенди иштетүүгө каршы экендигин билдиргендер болгон. Жолугушуу учурунда ички иштер кызматкерлери тарабынан коомдук тартип сакталып, мыйзам бузууларга жол берилген жок.

Буга чейин:

Быйылкы жылдын 25-сентябрында Майдан айылынын тургундары тарабынан кенге келген кытайлык ишкерлерге нааразычылыктар жаралган.

Кытай Республикасынын жарандары: Бишкек шаарындагы «Golden-Group» алтын изилдөө компаниясынын башкы директору – 1957-жылы туулган Gong Jinde, башкы директордун жардамчысы – 1981-жылы туулган Guo Yan жана башкы директордун чакыруусу менен Кытай Республикасынын жарандары – 1981-жылы туулган Song Guo Hong, 1974-жылы туулган Wu Guang Yu болушуп, Кызыл-Кыя шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Абдуразаков Ильязга таандык «Хонда Элизион» унаасы (мамлекеттик белгиси А05-06 АА) жана Бишкек шаарынын 1985-жылы туулган тургуну Айбашов Айбекке таандык «Лексус 470» унаасы (мамлекеттик номуру 85-55 BAW) менен Шамбесай алтын кенине барышкан.

Топуракта алтын бар же жок экенин аныктоо максатында барган кытай жарандарын А.Айбашевдин таанышы – 2007-2008-жылдары «Z-Explorer» кампаниясында геолог болуп иштеген Ош шаарынын 1972-жылы туулган тургуну Ураимов Шадыбек коштоп барган.

«Кытай жарандары Шамбесай алтын кенине барган учурда Майдан айыл аймагынын 50-60ка жакын жашоочулары аларга нааразычылык көрсөтүшкөн. Ал жерге Кадамжай РИИБдин кызматкерлери барып, кытай жарандарын курчап алган элдерден бошотушуп, коомдук тартипти көзөмөлгө алышкан. Окуя болгон жерге Кадамжай районунун акими Ж.Исаков, Кадамжай РИИБдин башчысы, милициянын подполковниги О.Кочкоров жана УКМКнын Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы А.Абдрахманов барып, элди тынчтандырган.

Ишти териштирүү үчүн Кытай жарандарын РИИБдин Үч-Коргон аймактык милиция бөлүмүнө алып келишкен. Териштирүү учурунда Кытай жарандарынын «Голден-Групп» компаниясында иштегени тийиштүү документтери аркылуу тастыкталып, Майдан айылына аталган жердеги топуракта алтын бар же жоктугун изилдөө үчүн барышкандыгы аныкталган.

Ал жерди интернет аркылуу көрүшкөнүн жана «Z-Explorer» кампаниясында иштеген Ш.Ураимов көрсөтүп бергенин айтышкан. «Голден-Групп» компаниясы Бишкек шаарында Юстиция министрлигинде №1447453300000 саны менен катталып, лицензия боюнча Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Средне-Сандалаш» аттуу жайда ишмердүүлүк жүргүзүү керек экени, лицензиянын мөөнөтү 2020-жылга чейин узартылгандыгы такталды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле администрациядан билдиришкендей, аталган компаниянын ишмердүүлүгүн, кендерди изилдөө канчалык мыйзамдуу экенин билүү үчүн Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамдай району боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан кытай жарандарынын иш аракеттеринде буюм жана ар түрдүү таш, топурактарды баштыктарга салган кендин үлгүлөрүн алышканы боюнча КРнын «Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамынын» 19- 20-21-21-1, 22, 23, 24, 30, 31, КРнын «Экологиялык экспертиза» жөнүндөгү мыйзамынын 2-3-5-9-беренелеринде көрсөтүлгөн талаптарды бузганды аныкталган.

Бул окуя боюнча милиция эмне дейт?

Баткен облустук ички иштер башкармалыгын Шамбесай алтын кенине келип, жергиликтүү эл тарабынан кармалган кытайлык 4 жаранга кылмыш иш козголбой тургандыгын билдирген.

«Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилиги жөнүндө кодексинин 459-беренесинде (Аймактарды, жерлерди, жер казынасын, өсүмдүктөрдү, аба бассейнин, суу мейкиндиктерин пайдалануу маселелери боюнча мыйзамдарды сактабоо) көрсөтүлгөн административдик укук бузуунун курамы бар болгондуктан, аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн жыйналган материал Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкармалыгына чара көрүү үчүн жөнөтүлдү», - деп айтылган ОИИБдин маалыматында.

Бул окуядан мурда да чыр болгон:

2018-жылдын 2-февралында Шамбесай кенин иштетүү маселесин талкуулоо үчүн жүздөгөн адамдар чогулганы белгилүү болгон.

Маалым болгондой, кенди иштетүүчү компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, цианид колдонбой иштей турган жаңы технологияны сунушташкан. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турган. Чогулгандарга саясатчы Адахан Мадумаров келип кошулган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Шамбесай кенинде болжол менен 8 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы казууга лицензия берилген. Бирок кенди иштетүү долбоору жүзөгө ашпай келет.

Тасма ошол учурда жергиликтүү тургандар тарабынан тартылган

Саат 14:00 чамасында чогулгандар тарап кетишкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×