Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 23.10.2018 22:20

Баткенде дарыгерлердин маянасын 30% көбөйтүү демилгеленип жатат

Turmush -  Баткен облусунда медицина кызматкерлеринин айлык маянасы 30% көбөйүп, коррупциянын азайышына өбөлгө түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда КРнын өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору Камчы уулу Курманбек билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө облус аймагында жалпысынан 5 миңге жакын штат иштеп жатат. Учурда медицина кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 4 миң сомдон 11 миң сомго чейин.

«Эгерде медицина кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлсө, сапаттуу кызмат көрсөтүлүп, коррупция да азаймак. Ошондуктан биз алардын айлык маянасын 30% көтөрүүнү ишке ашыруу алдында турабыз. Тактап айтканда, алган айлыгынан сырткары 16 миң сомдун тегерегинде кошумча төлөм кошулмакчы. Ал үчүн атайын 8 индекатор боюнча эксперттер баалашат. Бул каражатка бийик тоолуу, борбордон алыс жайгашканы боюнча пайыздар кошулбайт. Бирок соцфонд 21% кармап калат», - деди ал.

Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Асатбек Ибрагимов Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жакшы идеяны көтөрүшкөндүгүн билдирди. Анткени жер-жерлерде үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери азайып кеткен. Кызматкерлердин айлык маянасы 22-23 миң сомго жетип калса, кадрларды кетирбей кармап калууга болот.

Баткен облусунда 4 аймактык оорукана, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 6 жалпы дарыгерлер практикалык борбору, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча 2 оорукана, тиш дарылаган 3 бейтапкана бар. Аларда жалпысынан 5 миңге жакын медицина кызматкерлери иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×