Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 23.10.2018 11:58

Баткендеги окуучуларга «Антирэкет» рейди өткөрүлүп, ата-энелерге эскертүүлөр берилди

Turmush -  Баткен облусундагы мектептерде 3 күн «Антирэкет» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, милиционерлер ар бир мектептерде лекцияларды окуп, мектептин ички каттоосунда турган окуучулар менен жекече сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Окуучулар арасында жашыруун анкеталар толтурулуп, жыйынтыктары мугалимдер менен бирге жөнгө салынды. Мындан сырткары жер-жерлердеги ата-энелер менен биргеликте өткөрүлгөн жыйындарда канткенде мектеп рэкетин жоебуз деген темада атайын даярдалган роликтер көрсөтүлүп, окуучулар менен суроо-жооптор уюштурулду.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы оперативдик кырдаалды оңдоо, кылмыштуулукту алдын алуу максатында интернет клубдар, кафелер жана парктар толугу менен текшерилип, жыйынтыгында 26 жаш өспүрүм кармалды. Алардын ата-энелери чакыртылып, түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, чогултулган материалдар балдар иштери боюнча комиссиясына жөнөтүлдү. Ал эми жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда турган 271 өспүрүмдүн үйлөрүнө барып, алардын тартибин жөнгө салуу максатында ата-энелери, жакын туугандары менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Ар бир мектептерге коюлган ишеним кутучасына окуучулар тарабынан мектептин ички тартибин жөнгө салуу боюнча жалпысынан 12 сунуш түшүп, алар да мугалимдер менен милиция кызматкерлери тарабынан талкууланды.

3 күндүк рейд учурунда Баткен ОИИБдин кылмыштарды каттоо китебине денеге атайлап залал келтирүү боюнча 5 факт катталды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×