Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 22.10.2018 13:23 Жаңыланды: 22.10.2018 18:20 На русском

Видео — Лейлектиктер жоголгон эшектерин кыргыз-тажик чек арасындагы короодон табышты

Turmush -  Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө эшектер кармалган ферма табылды.

Бул жөнүндө 3 жума мурда жергиликтүү тургундардын бири эшегин жоготуп, аны 150гө жакын эшек кармалган короодон тапкандан кийин белгилүү болду. Ал өзүнүн эшегин кайтарып алгысы келген, бирок ферманы иштеткендер аны берүүдөн баш тартышкан. Алар эшектерди экспорттоо үчүн уруксат кагаздары бар экендигин айтышкан.

Эшектер кармалган ферма

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Саатбек Эгембердиев мурда эшектер багылган ферма жөнүндө билбегендигин, ал тууралуу маалыматты интернеттен окугандыгын айтты. Анын айтымында, ферма айыл өкмөттүн Борбордук айылында ээн калып, эч ким колдонбогон жерде жайгашкан.

«Жер айыл өкмөттүн балансында турат. Бул жайды Нейматжан аттуу аксакал «малымды камап турайын» деп суранган. Биз макул болуп колдонууга уруксат берген болчубуз. Бул боюнча (кармалган эшектер тууралуу) аксакалдан сураганымда, кабары жок экендигин, балдарынын бирөөсү Оштон келген адамдар «колдонуп туралы» десе макул болгондугун айты. Бирок балдарынан дагы сураштырып көрмөк болду.

Ал эми бейтааныш адамдар бул маалымат интернетке тарагандан кийин эшектерди алып кетип калышыптыр. Мен ферма болгон жерге барсам ал жерде 4-5 гана эшек туруптур. Аларды да алып кетишти», - деди ал.

Учурда эшектерди массалык түрдө кармап жүргөндөр ким экендиги иликтенип жатат.

Село Борбордук Лейлекского районаЭшектер кармалган ферма

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×