Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 19.10.2018 18:45

Карындашы боорун берди: Баткендик М.Садыкжан уулу Индияда органын алмаштырды (видео)

Turmush -  Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну Милан Садыкжан уулу 12-октябрь күнү Индияда боорун ийгиликтүү алмаштырды. Бул тууралуу аны менен Индияга чогуу барган досу Төлөгөн Карабаев билдирди.

Анын айтымында, Миланга 20 жаштагы карындашы Диана донор болду. 10 саатка созулган операцияны 42 жаштагы Вивек Виж аттуу дарыгер жасаган. Учурда Диана менен Миландын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатышат.

«Миландын операциясы Дойна деген шаарда жасалды. Бул жакка Моңголия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка маммлекеттерден боорун алмаштырганы келишет экен. Дарыгерлер бейтаптарга убагында дары-дармектерин берип, көзөмөлдөп турушат. Диана да бир тууганы үчүн боорун берип, сабыр менен өзүн кармап турат. «Үйдөгүлөрдү сагындым» деп жатат. Милан да сүйлөп калды. Реанимациядан жалпы бөлүмгө которулду», - деди ал.

Бир тууганына боорун берген Дианага эч кандай коркунуч жок. Анын ден соолугу толук кандуу калыбына келгенче дарыгерлер дайындаган витаминдерди, дарыларды ичип турат. Бир туугандар жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келет.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 2 баланын атасы Садыкжан уулу Милан боорунун кургап калгандыгына байланыштуу катуу ооруп, тез арада боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткандыгы кабарланган.

Атасы Садыкжан Пазылов баласы үчүн өзүнүн боорун берүүгө даяр экендигин билдирген. Боорду алмаштыруу үчүн Индияда операция жасатуу керек болчу. Ал үчүн чоң суммадагы акча зарыл болуп жаткан.

«Милан 2011-жылдан бери ооруп, кайрылбаган жери калбады. Азыр анын боорун алмаштырбаса болбойт. Күндөн-күнгө абалы оор. Операциянын өзүнө эле 30 миң долларга жакын акча керектелет экен. Жатакана, жол кире, дары-дармек, котормочу деген нерселер да бар. Мен азыр 55 жаштамын, донор болсом болот дешти. Азыр элден жардам сурап, акча топтоп жатабыз. Милан үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу. 1 уул, 1 кызы бар. Келинчеги мындан 1 жыл мурда 2 баласын таштап, Москва шаарына кетип калган. Балдарын өзүбүз карап жатабыз. Келем десе балдары үчүн эч нерсе дебейбиз. Жашаса да, жашабаса да өзү билет. Бүгүнкү күндө Милан оору менен алышып, күнүнө 10 миң сомго жакын дары-дармек колдонот. Антпесе курсагы, буттары шишип кетет. Ал дары Баткенде жок болгондуктан Ташкенттен 7200 сомго алып келебиз», - деген ал.

Буга чейин Милан Садыкжан уулу Баткен облустук телерадиокомпаниясында оператор болуп иштеп келген. Эгерде акча топтолсо операция жасатуу үчүн Индияга кетмек болгон. Бирок ал учурда акча топтоло элек болгондуктан Бишкек шаарында операцияга чейин укол алып, дары ичип жан сактап жаткан.

Индияга сапар:

9-октябрда операция жасатуу үчүн Индияга жөнөп кеткендиги белгилүү болгон. Милан өзү Turmush басылмасынын кабарчысына 4-даражадагы боор циррозу дартынан арылуу үчүн операция жасала тургандыгын айтып берген.

«Мен бул оору менен 2012-жылдан бери күрөшүп келдим. Дарыгерлердин туура эмес койгон диагнозунун азабынан 6 жыл дары-дармек, уколдор менен жашап келдим. Акырында дарыларга акча таппай, үйүмдөгү унаамды, башка буюмдарды сатып баштадым. Аргасыздан кыргыз элимден, кайрымдуу инсандардан жардам сураганга мажбур болдум.

Акыркы учурда бул оору мени ал-күчтөн тайдырып, өлүмгө жетелеп бара жаткансыды. Катуу ооруп, кыйнап баштаганда 2 балам көз алдымдан өтөт.

Бул жылдар аралыгында Бишкек, Ош, Баткен, жада калса Өзбекстан, Тажикстанга чейин барып дарыланып жүрдүм. Бирок эч кандай тыянак чыкпады. Күндөн-күнгө абалым оорлоп жатты. Эгерде дарыгерлер убагында туура диагноз койгондо мынчалык кыйналбайт белем», - деген ал.

Милан 6 жыл ичинде анализ тапшыруучу бөлөмөлөрдү да бир нече жолу кыдырып чыккан.

«Акыркы убакта алдан кетип, дарылар да жардам бербей калды. Жыл сайын кайра-кайра анализ тапшырып жатып, 2018-жылы март айында гана боор оорусу менен ооругандыгым Баткен шаарынын ооруканасында аныкталды. Дарыгерлер бул оору айыкпас экенин айтып, бир гана операциялык жол менен боорду алмаштырууну сунушташкан. Бул операция чет өлкөдө, тактап айтканда Индияда жасалып, 30-40 миң доллар жана донор керек экен. Менде мындай суммадагы акча жок эле. Ошондуктан кайрымдуу инсандарга жардам сурап кайрылдык. Эми элдин күчү менен Индиядага операция жасатууга келип отурам. Элге ыраазычылыгымды билдирем», - деген ал.

Милан 1 уул, 1 кыздын атасы. Улуу кызы Амина 5 жашта болсо, уулу Фирдаус 3 жашта.

«Операция 1 жуманын аралыгында жасалат деп күтүп жатабыз. Азыр мени операцияга даярдап жатышат. Өзүмдүн бир тууган карындашым донор болот», - деген Милан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×