Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 19.10.2018 16:06

Баткен районундагы мектептерге жылуулук бериле баштады

Turmush -  Баткен районунун аймагындагы 50дөн ашык мектепке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов билдирди.

Анын айтымында, Баткен районундагы билим берүү мекемелерине кыш мезгилинде 1900 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө бул көмүрдүн 1300 тоннасы (71%) ташылып келинди.

Район аймагында жалпы 53 мектеп болсо, анын ичинен 36 имарат көмүр менен, ал эми 17 имарат электр энергиясы менен жылытылат. Мектептерге 16-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×