Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 18.10.2018 17:43 На русском

Жаш балдар, карылар: Баткендеги унаа кырсыктан жабыркагандардын тизмеси белгилүү болду

Turmush -  Кечээ, 17-октябрда саат 14:40 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында 2 кичи автобус кагышып, 25 адам жаракат алган.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, кырсык жүргүнчүлөрдү ташыган 2 «Мерседес-Бенц Спринтер» (бирөөнүн мамлекеттик номуру — 03KG 455 ААJ, экинчисинин мамлекеттик номуру — S 96 98 АS) үлгүсүндөгү кичи автобустардын катышуусунда болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, рулга кысылып калган адамдын (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышкан.

Кийинчерээк маалым болгондой, Баткен облустук ооруканасына 25 адам жаткырылды. Алардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми 5 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Жабырлануучулардын тиземеси:

- 1988-жылы туулган А.Эшмат. Исфана шаарынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1994-жылы туулган А.Анара. Бишкек шаарынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1973-жылы туулган К.Каныбек. Токтогул шаарынын тургуну. Сөөгү сынып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1980-жылы туулган М.Жылдызбек. Бишкек шаарынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1974-жылы туулган А.Нурланбек. Лейлектин Ак-Арык айылынын тургуну. Мээси чайкалып, көкүрөк сөөгү сынып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1965-жылы туулган С.Салтанат. Бишкек шаарынын тургуну. Буту сынып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 2005-жылы туулган И.Мираида. Бишкек шаарынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 2011-жылы туулган П.Атамбек. Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 2012-жылы туулган П.Раяна. Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 2012-жылы туулган К.Азамат. Лейлек районунун Көк-Таш айылынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1968-жылы туулган С.Ахматбек. Бишкек шаарынын тургуну. Буту сынып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1989-жылы туулган Ю.Буньед. Кадамжай районунун тургуну. Мээси чайкалып, буту сынып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 2014-жылы туулган М.Айдана. Бишкек шаарынын тургуну. Мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1949-жылы туулган Ж.Саламат. Лейлектин Андарак айылынын тургуну. Мээси чайкалып, бутунан жаракат алып, жандыруу бөлүмүнө жаткырылды;

- 1966-жылы туулган М.Садык. Ош шаарынын тургуну. Кабыргалары, буту сынып, мээси чайкалып, травматология бөлүмүнө жаткырылды;

- 1968-жылы туулган К.Ниязман. Исфана шаарынын тургуну. Башынан, көзүнөн, бутунан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды;

- 1967-жылы туулган А.Дүйшөнбай. Бишкек шаарынын тургуну. Башынан, курсагынан, бутунан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды;

- 1979-жылы туулган М.Үсөнбай. Исфана шаарынын тургуну. Башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды;

- 1955-жылы туулган Б.Касиев. Сүлүктү шаарынын тургуну. Кабыргалары сынып, башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды;

- 2000-жылы туулган С.Бектур. Лейлектин Ак-Терек айылынын тургуну. Амбулатордук жардам көрсөтүлдү;

- 1962-жылы туулган К.Бааринса. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Ийини сынып, амбулатордук жардам көрсөтүлдү;

- 1994-жылы туулган Т.Мухидин. Лейлектин Арка айылынын тургуну. Амбулатордук жардам көрсөтүлдү;

- 1986-жылы туулган К.Айнура. Бишкек шаарынын тургуну. Амбулатордук жардам көрсөтүлдү;

- 1991-жылы туулган Х.Дониер. Исфана шаарынын тургуну. Сөөгү сынган. Ооруканадан чыгарылды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жабырлануучулардан кабар алып, алардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле жол кырсыгынын себептерин кылдат иликтөө менен мындай оор кырсыктардын алдын алуу боюнча иш алып барууну жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн мекемелерге тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×