Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 17.10.2018 18:35 На русском

Баткенде эки кичи автобус кагышып, эркек адам каза болду. 20дай жүргүнчү ооруканада (сүрөт, видео)

Turmush -  Бүгүн, 17-октябрда саат 14:40 чамасында Ош—Исфана унаа жолунун 284-чакырымында, тактап айтканда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында эки кичи автобус кагышты.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, кырсык жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседец-Бенц Спринтер» (мамлекеттик номуру 03KG 455 ААJ) менен «Мерседес-Бенц Спринтер» (мамлекеттик номуру S 96 98 АS) үлгүсүндөгү кичи автобустардын катышуусунда болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, рулга кысылып калган адамдын (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышкан.

Болжолдуу маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам оор, 20дан ашык жүргүнчү жеңил жаракат алган. Жабырлануучулар Баткен облустук тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Кийинчерээк маалым болгондой, Баткен облустук ооруканасына 22 адам жаткырылды. Алардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми эки адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жабырлануучулардан кабар алды. Ал тийиштүү жетекчилер менен чукул жыйын өткөрүп, жарандардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды ыкчам көрүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле жол кырсыгынын себептерин дыкат иликтөө менен мындай оор кырсыктардын алдын алуу боюнча иш алып барууну жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн мекемелерге тапшырды.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×