Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.10.2018 10:51

Кадамжайда чөөлөр элдин малына кол салып жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында бодо малды, эшектерди чөө жеп кетип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар кабарлады.

Алардын айтымында, талаада байланып турган малды күндүз эле чөөлөр жеп кетет. Айрымдар карышкыр да болушу мүмкүн деп күмөн санашат.

«Акыркы убактарда күндүзү эле талаада байланып турган уйларды жеп кетип жатат. Өткөн жылы айыл ичине чейин карышкырлар кирип келген. Бирөөнүн короосундагы койлоруна 2 жолу кол салган. Эми минтип көбөйүп, күндүз да кол салып жатышат. Жакында 2 жаштагы өгүздү, 1 эшекти, дагы 2 бодо малды жеп кетти. Бул мал-жандыктар үчүн гана эмес, жергиликтүү тургундардын жашоосуна да кооптуу», - деди алар.

Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаилов азыркы учурда чөөлөрдү, жолбун иттерди жок кылуу иш-чаралары өтүп жатканын билдирди.

«Көк-Талаа айылынын түштүк тарабындагы Өзбекстан менен чектеш аймактарды камыш басып кеткен. Ошол жерлерде чөөлөр төлдөп, азыркы учурда айыл тургундарына көйгөй жаратууда. Өзбекстандын тургундарына да зыянын тийгизип жатат. Учурда камыштарды тазалап жатабыз. Ошол жерлер тазаланса абалды көзөмөлдөө кыйла жеңилдейт», - деди Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×