Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 17.10.2018 16:48 На русском

Баткенде айрым айылдарда электр жарыгы жок, үйү суук болгондор туугандарына кетип жатышат

Turmush -  Баткен районунун айрым аймактарында 3 күндөн бери электр тогу жок, айрым тургундар суукта калышты. Алардын айтымында, мындай сууктан улам кээ бирөөлөр үйү жылуу туугандарыныкына көчүп жатышат.

«Жарыктын өчкөнүнө 3 күн болду. Суукта калдык, көмүр ала элекпиз. Бала бакчада жарык жок дешет, мектептерде деле жок. Эгерде кышка электр энергиясы даяр эмес болсо, эскертиш керек эле. Өзүбүз движокторду даярдайт элек. Ошол авариялык абалдагы жерлерди жазында карашкан жокпу? Азыр электр мамыларын карап жатышат. Азыр биринчи карда ушундай болсо, кышында эмне кылабыз?», - деди Бужум айылынын тургуну Айдарбек Кеңешбек уулу

Мындай абал Баткен шаарынын жана районунун аймактарында да бар. Бирок калкты тейлеген Баткен райондук электр тармактар ишканасынан жарык 3 күндөн бери өчпөгөнүн билдиришти.

«Бул биринчи кар. Аба ырайы тез алмашкандыктан тетиктер жарылып, авариялык абалдарды жаратууда. Моюнга алабыз, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бирок 3 күн дегени туура эмес. 16-октябрда түнкүсүн өчкөн. Биздин балдар деле күнү-түнү авариялык абалдарды жоюп жатышат. Бизде 21 миң абонент болсо, анын ичинен 400 абонентте ушундай абал катталууда. Буйруса элди электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылабыз», - деди Баткен райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Калан Маркаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×