Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 17.10.2018 11:50

Сүлүктүдө үй өрттөнүп, 56 жаштагы адам мерт болду

Turmush -  Сүлүктү шаарында турак үй өрттөнүп, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сүлүктү шаарынын Кош-Булак аймагындагы үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1962-жылы туулган М.Н. аттуу адам күйүп каза болду. Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×