Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 16.10.2018 17:48 На русском

Кызыл-кыялык окуучунун өлүмү: Мурунку милиционерлер 14 жылга чейин эркинен ажыратылды (видео)

Turmush -  Кызыл-Кыя ШИИБдин 4 кызматкери 2013-жылы апрель айында мектеп окуучусу Нурлан Акбото уулунун бычакталып каза болгонуна байланыштуу ишти тергеп жатып, ага шектүү катары өзүнүн досун кармашкан. Андан кийин облустук прокуратура милиция кызматкерлеринин өзүнө кылмыш иш козгогон болчу. Аларга «Зордук-зомбулук менен кылмышты өспүрүмдөрдүн мойнуна алдырган» деген айып тагылган.

Аталган окуя Ош шаардык сотунда каралып, милиция кызматкерлерине айыбы угузулганын алардын жакындары бүгүн, 16-октябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти. Соттун мындай чечими алар үчүн күтүүсүз болгон.

Милиция кызматкерлеринин биринин апасы Меймангүл Орунбаева окуянын чоо-жайын мындайча түшүндүрдү.

«2013-жылы 13-апрель күнү Нурлан Акбото уулунун бычакталып каза болгондугу боюнча кабарды укканбыз. Бул ишти милиция кызматкерлери тергей баштаган. Алардын ичинде менин балам да бар эле. Нурландын өлүмүнө шектелип анын классташ досу кармалган. Ага чейин шектүүнүн иниси милицияга берген көрсөтмөсүндө "агам бычак менен сайып жиберди" деп айтканы кассетада жазылып турат.

Атайын буюртма аркылуу милиция кызматкерлеринин үстүнөн, анын ичинен менин балама да кылмыш иши козголду. Кийин иш сотко өтүп, Баткендеги, Жалал-Абаддагы соттор бул ишти албай жүрүп, акыры Ош шаардык соту карады. 2018-жылдын 9-октябрында чечим чыгарып койгонун уктук. Ал эми сот процесстери бир тараптуу эле өткөн. Биздин мамлекетибизге ак иштеген кызматкерлер керекпи?

Урматтуу президент, ушул ишти калыс, адилеттүү чечүүгө көз салууну суранабыз. Жогорку соттун, облустук соттун судьяларынан дагы ишти адилеттүү карап чыгууну суранабыз», - деди М.Орунбаева.

Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Абсаттар Жолдошев буларга токтолду.

«Бул иште калыстык жок болду. Милиция кызматкерлеринде күнөө жок деп айткан эч ким жок болуп атат. Ак кызмат кылып жаткан балдардын камалышы чындыкка такыр дал келбейт», - деген А.Жолдошев бул ишти көзөмөлгө алууну өлкө жетекчилигинен суранды.

Ош шаардык сотунун билдирүүсү боюнча, шаардык соттун өкүмү 9-октябрь күнү чыгарылды. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизалардын корутундулары жана башка материалдардын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин мурдагы кызматкерлери Б.С., С.О., Р.К. жана К.Ж. кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, кыйноо, пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 2 айыпталуучу 12 жылга, бири 13 жылга, ал эми төртүнчүсү 14 жылга эркиндигинен ажыратылды. Алар жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт деп көрсөтүлүп, сот залынан камакка алынган.

Сот отурумунда айыпталуучулар күнөөнү мойнуна алышкан эмес.

Өкүмгө нааразы тарап апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×