Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 13.10.2018 12:33

Баткенде кутурган ит талап, ооруканага түшкөн 8 жаштагы бала өзүнө келди

Turmush -  Баткен районунда ит талаган 8 жаштагы Бекжан бүгүн, 13-октябрда өзүнө келип, оорукананын сыныктар бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу анын атасы Кубат Пазыловтун билдирди.

Анын айтымында, Бекжандын онго жакын жерине операция жасалган. Наркоздон кийин өзүнө келди.

«Уулумду 5-6 ит талаптыр. Азыр иттердин ээлери изделүүдө. Бир иттин ээси табылбай жатат. Мен ооруканада баламдын жанынан чыгалбай, карап отурам. Иттердин ээси табылса, тиешелүү адистер чара көрүшөт», - деди ал.

Буга чейин 12-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылында 8 жаштагы Б.К. аттуу баланы кутурган ит талап, оор абалда ооруканага жеткирилгендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×