Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 13.10.2018 11:15 На русском

Баткенде «чек арачы аял» атка конгон Р.Өсөрова президенттен «Даңк» медалын алды (фото)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында «чек арачы аял» атка конгон Разия Өсөрова 2-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «Даңк» медалын алды. Бул тууралуу Разия Өсөрова өзү билдирди.

Анын айтымында, президент ар түрдүү кесиптин ээлерин сыйлады. Анын катарында Разия Өсөрөва да болуп, «Даңк» медалы менен сыйланды. Бул сыйлыгын элдин сыйлыгы деп эсептейт.

Разия Өсөрова Баткен Районунун Ай-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын башчысы 20 жылдан бери эмгектенет. Аталган айыл тажик чек арасына чектеш болгондуктан ар кандай чыр болуп турат. Разия Өсөрова ар дайым эки элдин ынтымагы үчүн күрөшүп, чек араны бекемдеп келет. Ал айыл башчылык кылып жүрүп эки элди ортосунда чыккан чырдан бир канча жолу жаракат да алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×