Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 12.10.2018 11:00 На русском

Лейлектин Келечек жаңы конушундагылар мектеп, жол, таза суу жок кыйналууда (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Келечек жаңы конушунда таза суу, жол, мектеп негизги көйгөй болуп келет. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Келечек жаңы конушунда мектеп жок. Балдар кошуна айылдарга барып окушат. 3-4 чакырымды жөө басып, билим алган балдар үйгө түнкүсүн келишет. Башталгыч класстын балдары 1-2 ай мектептен калышат. Кечкисин балдарды өзүбүз алып келебиз. Болбосо карышкыр бар, коркобуз. Коомдук транспорт каттабайт. Ага жол да жок. Балдар окууга эгин талааларын аралап катташат. Алыс, чаң жолду басып отуруп кийимдери тез эле жараксыз болот», - деди жаңы конуштун тургуну Жамила Асанбаева.

Зааргүл Эгембердиеванын айтымында, айыл түптөлгөнүнө 10 жыл болсо да таза суу жок.

«Биздин көчүп келгенибизге 10 жыл болду. Ошондон бери таза сууга жетпейбиз. Өткөн жылы араң бир суу түтүгүн орнотсок, ал кышкысын тоңуп, суу чыкпай калды. Жазында деле 1 айлап суу токтоп калат. Кир жууган сууну да 1-2 чакырымдан ташып келебиз», - деди ал.

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Мамырбай Коймуратовдун айтымында, келечек жаңы конушу 2008-жылы түптөлүп, жерлер чарбакка берилген. 100дөн ашуун адам жер алып, бирок 30га жетпеген кожолук жашап жатат. Калган 70ке жакыны шарттын жоктугунан көчүп келбей жүрүшөт.

«Келечек конушу 2008-жылы берилген. Ал жерде калк аз. Ошондуктан кошуна Гөлбө жана Айкөл айылдары менен ортодо бир мектеп салалы деп жерди кеңейтүүгө бергенбиз. Буйруса алдыда мектеп курулат. Бала бакчага деле жер караштырдык, документ иштери аяктаса салабыз.

Сүлүктүнүн линиясынан бир суу түтүк тартып бергенбиз. Эми дагы инвестор издеп жатабыз», - деди ал.

Келечек жаңы конушу облус борборунан 130 чакырым алыстыкта турат. 10 жылдан бери аталган аймактан жер тилке берилбей, кезекке тургандар да арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×