Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 12.10.2018 09:50

Баткендеги футбол боюнча эл аралык мелдеште тажикстандык өспүрүмдөр жеңишке ээ болду

Turmush -  Кечээ, 11-октябрда Баткен шаарында Фергана өрөөнүнүн футбол боюнча кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке коңшу Өзбекстан, Тажикстандын жана Ош облусунун командалары да келишкен. 12 жашка чейинки 4 команда жана профессионал оюнчулардан турган дагы 4 команда 3 күн бою күч сынашты. Жыйынтыгында профессионал оюнчулар арасында биринчиликти Кыргызстандын «Алай» командасы, 2-орунду Өзбекстандын «Нефтчи» командасы, 3-орунду Тажикстандын «Худжант» командасы, ал эми 4-орунду «Баткен» командасы ээледи.

«3 команда менен ойнодук. Үчөөндө тең жеңишке жетип, 1-орунду алдык. Бири-бирибиз менен таанышып, достошуп, футбол жакшы деңгээлде өттү», - деди «Алай» командасынын оюнчусу Нурсултан Атамурзаев.

Ал эми 12 жашка чейинкилер арасындагы кубокту Тажикстандын «Худжант» командасы алса, 2-орунга Өзбекстандын «Нефтчи» командасы татыды. 3-орунга «Баткен» командасы жана эң акыркы орунду Оштогу футбол академиясынын балдары алды.

Мындай деңгээлдеги Достук лигасы алгачкылардан болуп Баткен шаарында өтүп жатат. Бул оюндар ушул бойдон токтоп калбастан, Фергана өрөөнүндө улана берет. Мелдешти кийинки жылы Өзбекстандын «Нефтчи» командасы өткөрмөй болду. Футболду өткөрүүнүн максаты — улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаштар арасындагы достукту чыңдоо.

«Бул турнир көчмөн сыяктуу өтөт. Ар жылы ар башка шаарларда уюштурулат. Бул үчүн Фергана өрөөнүндөгү шаарлар даярданышат. Кийинки жылы оюндун форматы бир аз башкача өтүп, 7 команда катышат. Биз бул туурасында сүйлөшүп, Ферганада өткөрмөй болдук», - деди КРнын футбол федерациясынын Ош облусундагы директору Тимур Абдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×