Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 10.10.2018 10:47

Кадамжайдын Көк-Талаа айылындагы мектепте окуучулардын рэкетчилиги иликтенүүдө

Turmush -  Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы К.Сатаров атындагы орто мектебинде рэкетчилик катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, жогорку класстын окуучулары өздөрүнөн кичүү класстын балдарына акчалай салык салып жүрүшкөн. Бул боюнча окуучулар класс жетекчилерине да кайрылышканы белгилүү болду.

Мектептин директору Бермет Матимарованын айтымында, азыр бул сөздөрдүн канчалык чын же жалган экени такталууда.

«Ушул иш боюнча учурда ата-энелер жана аймактык тескөөчүлөр, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда чогулуштар өткөрүлдү. Азырынча бул туурасында бир нерсе айта албайм. Жаш өспүрүмдөрдү кароо инспекциясында такталып жатат. Бир жыйынтыкка келип, мунун канчалык чын же жалган экени аныкталганда гана бул туурасында маалымат бере алам», - деди директор.

Өткөн жылы аталган мектептин 8-классынын окуучусу каза болгону кабарланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×