Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусу, Баткен 09.10.2018 12:52

Баткенде 3 өлкөнүн жогорку лигасындагы футболчулардын мелдеши башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Баткен шаарында Фергана өрөөнүнүн кубогуна арналган футбол мелдеши башталат. Мындай маалыматты «Алай» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Бакыт Маматов билдирди.

«Бул мелдеш Баткенде өтөт. Ага Тажикстандын, Кыргызстандын жогорку лигасында ойногон клубдар жана үй ээлери катышат. Ал эми 12 жашка чейинки балдар арасындагы мелдешке Өзбекстандын, Баткендин курама командасы, «Акадамея» командасы катышат», - деди Б.Маматов.

Бул мелдештин өзгөчөлүгү — Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жогорку лигасындагы клубдар жана үй ээлери ойногонунда. Алар — Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасынан «Алай» клубу, Өзбекстандын футбол боюнча жогорку лигасынан «Нефтчи» клубу, Тажикстандын футбол боюнча жогорку лигасынан «Худжант» клубу жана үй ээси болгон Баткен облусунун курама командасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×