Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 09.10.2018 10:24

Сүрөт, видео — Түштүк аймакка кар жаады

Turmush -  Баткен облусунун айрым аймактарында 7-8-октябрь күндөрү кар жаады. Жука жааган кар көп узабай ээрип кеткен.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовдун маалыматы боюнча, райондун Көк-Таш, Андарак, Айбийке, Кара-Булак, Айкөл айылдарында 5 см жеткен кар түшкөн. Буга чейин ӨКМ узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлө турганын эскерткен болчу.

Лейлек райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Исамидин Кенжебаевдин айтымында, Лейлек районунун Айкөл жана Көк-Таш айылдарына да кар жаады. Бирок айыл чарбасына зыян келтирген жок. Себеби район аймагында жалпы 17766 гектар жерге кылкандуу дан эгилип, толугу менен жыйналган болчу. Жалпысынан бул аймакта 29432 тонна дан эгиндери жыйналды. Кар жааган аймакта алма жана күрүч толугу менен жыйналып бүтө элек. Бирок кардын зыяны тийген жок.

Жалал-Абадда дагы бүгүн таң эрте кар жаады. Айдоочулардын айтымында, жолдорду туман каптады. Учурда абанын температурасы +10 градусту түзүүдө.

Куткаруу кызматтары абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу айдоочулардан жолдо жүрүүдө кылдат болууну өтүнөт.

10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

9-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 10…15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 13…18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, күндүз 8…13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×