Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 08.10.2018 18:09

Тоо текени баласы менен кошо аткан мергенчиге 220 миң сом айып салынды

Turmush -  Тоо текени баласы менен кошо атып, аны видеого тарткан мергенчи табылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мергенчини табуу үчүн Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тарабынан департаменттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Б.Козубаевдин жетекчилиги алдында ыкчам мобилдик топ түзүлгөн. Ыкчам топтун курамына Баткен районунун мергенчилери — К.Амиракулов менен А.Беделов да кирген. Ошондой эле жаратылышты коргоо мыйзамын бузгандарды издөө иштерине жайыт комитетинин башчысы жана Кадамжай РИИБдин кызматкери өз каалоосу менен кошулган.

Издөө иштеринин жыйынтыгында тоо текелерди аткан адам табылып, ал Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы тургуну И.Ч. экени такталды. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Майдан айыл аймагындагы Сарыгой жайытында кой кайтарып жүрүп дарыянын жээгинен 2-4 жаштагы тоо текелерди көргөнүн айтып берди. Ал ойлонбой туруп 16-калибрдеги ок атуучу курал менен тоо текелерди аткан. Ал эми өлтүрүлгөн кийиктин этин тамак-ашка колдонгон. И.Ч. түшүнүк кат жазды.

Аталган агенттиктин кызматкерлери тарабынан мамлекеттин пайдасына И.Ч.дан 200 миң сом, ошондой эле административдик айып катары 20 миң сом өндүрүү боюнча протокол түзүлдү. Ал эки баш тоо текени мыйзамсыз атканы үчүн бир айдын аралыгында 220 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

КРдин өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2017-жылдан баштап:

- марал, аркар, аюуну мыйзамсыз пайдалангандар — 1 000 000 сом;

- ак илбирсти мыйзамсыз пайдалангандар — 1 500 000 сом;

- тоо текени мыйзамсыз пайдалангандар — 100000 сом;

- элик, сүлөөсүн же мадылды мыйзамсыз пайдалангандар — 50 000 сом айып төлөйт.

Мындан тышкары КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 278-беренеге ылайык, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен мергенчилик кылган адам эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Буга чейин кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасында мергенчилер тоо текени баласы менен кошо атып алган видео тараган. Видеодон аны тарткан адамдын жүзүн жана жанындагы шериктерин көрүүгө болот.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу өкүлчүлүгү видеодогу адамдар издөөгө алынганын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×