Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 08.10.2018 18:06 Жаңыланды: 08.10.2018 20:06

«Баткен» чек ара отрядынын кызматкерлери аскер бөлүктүн уюшулган күнүн белгилешти

Turmush -  «Баткен» чек ара отрядынын кызматкерлери аскер бөлүгүнүн уюшулган күнүн белгилешти. Бул тууралуу түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 1999-2000-жылдагы Баткен окуясынан кийин Кыргызстандын чек ара кызматынын уюштуруу иштерине бир катар оңдоолор киргизилген жана Казакстан, Тажикстан жана Казакстан менен чек араны кайтарууда жаңы система түзүлгөн. Ошентип 1999-жылдын октябрь-ноябрь айларында «Баткен» (1999-жылдын 6-октябры), «Лейлек» (1999-жылдын 10-октябры) жана «Айдаркен» (1999-жылдын 8-ноябры) чек ара отряддары түзүлгөн. Баткен чек ара отрядынын аскерлери кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын жалпы 400 км созулган татаал участкаларын кайтарат.

Бүгүнкү салтанатта аскер бөлүктүн өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×