Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 08.10.2018 16:20

Айыл турмушу: Кадамжайлык Максат ар кандай кечелердин шаңын чыгарган музыкант (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Миң-Чынар айылынын 25 жаштагы тургуну Алишер уулу Максат 2-топтогу майыптыгына карабай, 6 жылдан бери ар кандай иш-чара, той-мааракелерде музыкалык аппараттары менен кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кызматы үчүн 3-4 миң сом акы алат.

«Мен ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай жаратканга шүгүп келтирип, жашоого үмүт менен карап, ата-энеме жардам берип, бир чети өзүмдү алаксытып, элге кызмат кылам. Ушинтип ар кандай иш-чараларда музыка коюп иштейм. Бир айда 2-3 жолу ушундай буйрутма болуп калат. Мен төрөлгөндөн кийин катуу ооруп, ошондон улам 2-топтогу майып болуп калыптырмын. Майыптыгым үчүн мамлекеттен 3000 сом жардам алам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле алдыда үйлөнүүнү көздөп жаткандыгын кошумчалады.

«Ошто ооруканада жүрүп, өзүбүздүн эле айылдык кыз менен таанышып калдым. Ал мага аябай жакты, кыз-жигит болууну айттым. Кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүзгө 5-6 ай болуп калды. Азыр сүйлөшүп жүрөбүз. Эми буюрса үйлөнүү жөнүндө сунушумду билдирейин деп турам», - деди ал.

Максат үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×