Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 08.10.2018 11:34

Баткенде «Газпром» чек ара тозотунун заманбап комплекси ачылды (фото)

Turmush -  6-октябрда Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында «Газпром» чек ара тозотунун жаңы комплексинин ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, модулдуу имараттардын заманбап комплекси зарыл болгон инфраструктуранын бардыгын өзүнө камтыган. Ичинде казарма, офицердик курам (прапорщиктер) жана алардын үй-бүлөсү үчүн үй, кампа жайлары, техниканы сактоочу жана оңдоочу жабык бокстор, кызматтык иттер үчүн вольер, өздүк курам үчүн мончо бар. Жаңы комплексте ок атууну үйрөтүүгө машыктыруучу жай жана спорттук аянт каралган.

«Мамлекеттик чек араны кайтарууда биз бир калыпка салынган ыкмалардан кайтышыбыз керек. Чек ара коопсуздугуна жаралган коркунучтар жана чакырыктардын жаратылышы өзгөрүүдө. Ага жараша биз дагы заманбап коркунучтардын жолдорун жана ыкмаларын өзгөртүүбүз керек. Жаңы техникаларды жана технологияларды колдонуп, ошол эле учурда аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз абзел», - деди Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиев.

Аталган комплекстин курулушу Кыргызстандын ЕАЭБге киришиндеги Россия менен болгон атайын келишимдин негизинде курулду. Ачылыш аземге аскер жетекчилери, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, журналисттер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×