Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 05.10.2018 17:55

Баткенде милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Баткен шаарында милициянын кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, иш-чарада Баткен ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылдын 26-декабрында түзүлүп, жаш, али толук кандуу ишке бериле элек, кооптуулугу арсар болуп турган Баткенде калктын коопсуздугуна кам көрүп баштаган. Башкармалыктын 18 жылдык тарыхында 9 жетекчи дайындалды. Ал эми кылмыш иликтөө бөлүмүндө бешинчи жетекчи өз милдетин аткарууда.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси кызматын аркалагандар:

- Данияр Аланов 2000-жылдан 2004-жылдары;

- Анарбай Алимбеков 2004-2009-жылдары;

- Жеңиш Разаков 2009-2010-жылдары;

- Жигитали Дубанаев 2010-2012-жылдары;

- Кубанычбек Колдошов 2012-жылдан тарта азыркы учурга чейин иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×