Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 05.10.2018 21:09

Исфана–Кайрыгач жолу 1 айдын ичинде бүтүп, колдонууга берилет (фото)

Turmush -  Эл аралык маанидеги Исфана–Кайрыгач жолунун курулушу 80% аяктады. Бул тууралуу жол куруу компаниясынын инженеринин жардамчысы Сайип Акматов билдирди.

Анын айтымында, 1 ай ичинде жолдун ачылышы болот.

«Исфана–Кайрыгач жолу 36 чакырымды түзүп, 3 участоктон турат. Биринчи Исфана –Сүлүктү 11 чакырым, 400 метр. Кийинкиси Сүлүктү–Кольцо 9 чакырым 700 метр жана Кольцо–Кайрыгач тилкеси 13 чакырым 880 метрди түзөт. Жолду кытайлык ишкана куруп жатат. Көзөмөлдөөчү француз компаниясы. Жолдун долбоору 2014-жылы түзүлүп, жумуш быйыл аяктоосу пландалган. Азыр иштердин 80% аяктап калды. Ушул октябрь айында толук бүткөрүлөт. Жолдун бир тарабынан тротуар курулган, экинчи тарабы долбоордо жок», - деди ал.

Жолду курууга 1 миллиард 500миллион сом кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×