Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Баткен 05.10.2018 12:53 На русском

Баткенде чөөлөр адамдарга кол салууда (видео)

Turmush -  Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндө чөө, бөрүлөр адамдарга кол салууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиришти.

Боз-Адыр айылынын тургуну Мунарбек Мамазияев кол салган жырткыч менен алышып жатып, аны өлтүргөн.

«Кечээ кечки саат 20:00 чамасында жумуштан үйгө бара жатсам, чөөлөр жолумдан чыкты. Аларды кубаласам болбой мага кол сала баштады. Анан мен да коргондум. Бирөөсүн башын тебелеп өлтүрдүм, калгандары качып кетти. Биздин айылда чөөлөр абдан көбөйгөн. Ушуларга чара көрүш керек. Эгерде менин ордумда жаш балдар болгондо эмне болмок? Жаш балдарга түнкүсүн кооптуу болуп калды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×