Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 05.10.2018 09:00

Баткенде маркум милиционер У.Рахмановдун элесине арналган футбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  3-октябрда Баткен шаарында милициянын ага лейтенанты Улан Рахмановдун жаркын элесине арналып кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБ басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага анын жакын туугандары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, милициянын ардагерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келишти. Мелдешке жалпысынан 7 команда катышып, 1-орунга КРнын атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы «Шумкар» отряды, 2-орунга Баткен ШИИБдин командасы, 3-орунга Баткен РИИБдин командасы ээ болуп, атайын сыйлыктарды алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×