Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусу, Исфана 04.10.2018 14:58 На русском

Жоолукчан чемпион: Спортчу Разия кыздарды машыктырып баштаганда «террорист окшойт» деп текшеришкен (сүрөт)

Turmush -  21 жаштагы Разия Мамашарипова — таэквондо жана дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал учурда Бишкек шаарында жашап, жогорку окуу жайлардын биринде билим алууда. Спорттун бир эмес эки түрүн өздөштүргөн чемпион кыз ийгилик сыры тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Таэквондо менен 12 жашымдан баштап машыга баштагам. Арадан 7 жыл өтүп, 19 жашымда дзюдо менен да машыгып баштадым. Алгач бий ийримине катышайын десем байкелерим каршы болушту. Ошентип таэквондо менен машыгуу чечимин кабыл алдым. Ага да каршы болуп, бирок атам макулдугун берген. "Силер эркек болуп спорт менен машыкпайсыңар, Разия машыгат" деп койгон эле», - дейт Р.Мамашарипова.

Разия Баткендин Лейлек районундагы Исфана шаарында туулган. Үй-бүлөсүндө жалгыз кыз, төрт агасы бар. Ал 5 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келишкен.

«Жакында эле көчөдө бара жатсам бир мас киши санымдан кармап өтүп кетти. Таң калып, түшүнбөй туруп калдым. Ачуум келип, артынан бардым да муштап, тээп жибердим. Адамдар бизди тороп, тосуп калышты. Ошондо гана уялып басып кеттим. Кайра өзүм намыстанып кеттим, буга чейин көчөдө да катуу сүйлөгөн эмесмин. Көчөдө тийишкен жигиттердин сазайын өзүм эле берип коём», - дейт чемпион кыз.

Разия 21 жашта гана болгонуна карабай Бишкекте машыктыруучу болуп эмгектенүүдө. Ал учурда 30 кызды таэквондо менен машыктырат.

«Машыктыруучум Нуриса Мамбеталиева мага көп нерселерди үйрөттү. Жөн гана машыктырбастан эже катары да насааттарын айтып турат. Учурда колумда 30 кыз-келин машыгып келет. Алардын басымдуу бөлүгү хиджап кийгендер. Чынын айтканда "өзүң оронуп алып, жөн эле жүрбөйсүңбү" деп пикирин таңуулагандар да болот. Бирок спорт сүннөт. "Сени колдойбуз, азаматсың, сага ийгилик" дегендер да жок эмес.

Жаңыдан кыздарды машыктырып баштаганымда айрымдар "бул кыз террорист окшойт, кыздарды согушка даярдап жүрөт го" деп шек санап, текшергендери эсимде. Бирок мен аларга маани бербей, ишимди уланта бердим. Эми азыр социалдык тармактардан көрүп, "биз дагы катышат элек, дарегиңерди бергиле" дегендер арбын. Мындан сырткары "демөөрчү болуп, спорт зал куруп беребиз, Ошко келип иштегиле" деген инсандар да бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×