Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 04.10.2018 13:59 На русском

Лейлектин Жаштык айылында милициянын имараты курула баштады (фото)

Turmush -  2-октябрда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Жаштык айылында милиция бөлүмүнүн пункту ашар жолу менен курула баштады.

Акимчиликтин маалыматына караганда, курулуштун башталышында айылдык кеңештин депутаттары демилге көтөрүп, ал үчүн 10 сотых жер тилке бөлүнүп берилген. Алгачкы салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миң сом каралган. Мындан сырткары марафон уюштурулуп, керектүү каражат топтолот. Курулуш 3 ай аралыгында аяктап, мекеме пайдалууга берилет. Бул мекеменин курулушу менен район аймагынан 80 км алыста жашаган калкка коопсуздугун коргоодо, ар кандай кылмыштуулуктун алдын алууга шарт түзүлөт.

Тажикстан Республикасынын Гафуров, Канибадам райондору менен чектешкен Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү Арка 1, Борбордук, Жаштык, Достук айылдарын, башкача айтканда 14 миңге чукул калкты тейлейт. Жаңыдан курулуп жаткан бул имарат жуунучу жайы, ашканасы менен болот. 1 бөлмөсү жумушчу орун болсо, калган 2 бөлмөсү милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнүн үй-бүлөсү үчүн тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×