Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Айдаркен 28.09.2018 18:13

«Айдаркен» сымап комбинатындагы от казандар толугу менен жаңыланууда (сүрөт)

Turmush -  Айдаркен шаарындагы «Айдаркен сымап комбинаты» ААКтын от казандары толугу менен жаңыланып жатат. Учурда комбинаттын заводдору менен фабрикаларын толугу менен жаңыдан куруу жумуштары кызуу жүрүүдө.

Аймактык кабарчы билдиргендей, өкмөттүн облустагы өкүлү Абиш Халмурзаев сымап комбинаттын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Куруучулар күнү-түнү эмгектенип, кыш түшкөнгө чейин бул чоң курулушту аяктоо аракетинде.

Комбинаттын директору Толубай Салиевдин айтымында, эскилиги жеткен имаратты калыбына келтирүү жана жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү аракеттери көрүлүп жатат. Ал эми комбинаттын продукциясын күйгүзүп, даяр калайларды чыгаруучу от казандары да толугу менен сапаттуу болуп кайра курулууда. Бул от казандар ишке кирсе буга чейинки өндүрүлгөн продукциянын көлөмү эки эсеге өсөт. Тактап айтканда от казандардын ишке кириши менен комбинат 2019-жылдын башында сатууга даяр сурьманын калайларын чыгарып, 6,7 млн доллар киреше алуусу күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө комбинаттын шахтасынан 5 миң тонна руда казылып алынып, 3 миң тоннасы завод менен фабрикага тапшырылды. Учурда комбинатта 298 адам жумуш менен камсыз болгон, жумушчулардын 100%ы жергиликтүү тургундар. Жыл соңуна чейин жумушчулардын саны 400 адамга жете турганы айтылды.

Комбинатта акыркы 10 жылга жакын убактан бери иш солгундап, жоюлуп кетүү коркунучунда турганда 2018-жылдын башында ата мекендик компания инвестиция салып, комбинат толугу менен ишке кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×