Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 28.09.2018 09:27

Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 12 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 28-сентябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүндө асфальт чыгаруучу заводдо өрт чыккан. Анын кесепетинен 2,5 тонна асфальт жана 3 тонна битум күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы К.Карасаев менен А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа оңдоочу жайда 3 унаанын сырты күйгөн. Адамдар жаракат алган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×