Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Айдаркен 28.09.2018 09:02

Айдаркен шаарынын 6 жылдыгына карата эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 27-сентябрда Айдаркен шаарына шаар макамы берилгенине 6 жыл толуп, мааракеге арналган маданий жана спорттук мелдештер уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанаттуу аземге Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жаныбек Исаков, шаар аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, тургундарды жана конокторду куттукташты.

Мааракеге карата мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин арасында кичи футбол, волейбол, таш көтөрүү, аркан тартышуу, кол күрөш мелдештери уюштурулду. Ошондой эле борбордук аянтта концерттик программалар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөлөрү, сүрөт тартуу, дил баян жазуу сынактары өткөрүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө шаардык мэрия тарабынан баалуу белектер, дипломдор жана ардак грамоталар тапшырылды.

Мындан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын мушкерлеринин ортосунда эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×