Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуБаткен району 27.09.2018 18:51

Баткен районунда асфальт чыгаруучу заводдон өрт чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-сентябрда Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Лесхоз участкасында жайгашкан асфальт чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, өрт саат 10:00 чамасында чыккан. Өрт кырсыгы болгон жерге ӨКМдин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери келишип, өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан.

Өрттүн кесепетинен 3-4 тонна битум өрттөнүп, үч даана 25 тонналык челектеги битум сакталып калды. Учурда өрттүн себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×