Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусуБаткен району 27.09.2018 17:39 На русском

Кара-Бак айылында табылган булактан суу тартуу иштери башталды (сүрөт, видео)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын жогору жагында булак табылды. Буга чейин аталган айылда таза суу көйгөйү бар болсо, эми бул маселе чечилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, учурда эл булактын суусун түтүк аркылуу айылга жеткирүү аракетин көрүшүүдө. Бул аракет ишке ашса, анда Кара-Бак айылы таза суу менен камсыздалат.

Жергиликтүү тургун Алишер Жээнбеков: «Айылдын жогорку жагында булак бар экенин мурда ата-бабалардан угуп жүргөм, бирок кайсы жерде жайгашканын так билген эмесмин. Анткени Кара-Бакта жер астынан көтөрүлгөн суу көп болуп, булакты табуу кыйынчылык жаратты. Койчулардын малы башка жерден суу ичпей, атайын ушул жерге келип суу ичишчү экен. Бул жерде кичинекей көлчүк болгон. Мурдагы жылы Ганчак каналын тазалоо үчүн экскаватор келип, ушул жерди каздырып көрдүк. Казып жатканда суу адам боюндай болуп атып чыкты», - деди.

Айылда калктын саны жылдан жылга өскөндүктөн СССР мезгилинде тартылган таза суу акыркы жылдарда тартыш болуп жатат. Мындан улам айыл эли булактын суусун айылга жеткирүүнү колго алган. Алар суунун курамын текшертүү үчүн Кадамжай жана Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна да алып барышкан. Алар талапка жооп берет, ичүүгө болот деп чечим чыгарышкан.

Учурда булактын айланасын тазалоо иштери жүрүүдө. Булактын суусун айылга жеткирүү үчүн жашоочулар долбоор жазып, эл аралык уюмдарга кайрылып, суу түтүктөрүн алышкан. Ал эми айыл өкмөтү 100 миң сом акча бөлүп берип, суу тартуу иштерин эл ашар жолу менен аткарууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×