Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Баткен облусуБаткен району 27.09.2018 15:39 Жаңыланды: 30.09.2018 11:56 На русском

Баткенде эки унаа кагышып, жабырлануучу каза болду (сүрөт)

Turmush -  27-сентябрда Баткен районунун Бужум айылында эки унаа кагышып, бир адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен районундагы бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.

Кийинчерээк жабырлануучу ооруканага бара жаткан жолдо көз жумганы белгилүү болду. Маркум – 1977-жылы туулган И.Талант жергиликтүү тургун болчу.

Т.Турдуевдин айтымында, унаалардын биринин ээси окуя болгон жерде жок болгон.

«Саат 12:30 чамасында Бужум айылында "Дэу Лабо" менен "Форд Транзит" унаалары кагышып, "Дэу Лабонун" айдоочусу тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Ал эми экинчи унаанын ээси окуя болгон жерде жок болгон. Тааныштарынын айтымында, ал жакын эле аймакта жүргөн», - деген Т.Турдуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×